АКШ Россиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап жатат

Американын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, АКШ асманынан учууга Россияга тиешелүү бардык учактарга, анын ичинде чартердик каттамдарга тыюу салынды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Вашингтон Россиянын учактары үчүн өлкөнүн аба мейкиндигин жабууда. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден шейшемби күнкү конгрессте билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз союздаштарыбыздын артынан Россияны болушунча обочолонтуу үчүн өлкөнүн аба мейкиндигин россиялык авиакаттамдар үчүн жаап жатканыбызды билдирем, экономикасына дагы кошумча кысым көрсөтөбүз", — деген ал.
Американын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, АКШнын аба мейкиндигинен учууга Россияга тиешелүү бардык учактарга, анын ичинде чартердик каттамдарга тыюу салынды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик Россияга ири экономикалык жана финансылык согуш ачарын айтты