Радио

Чолпонбаев: лицензиялоо такси айдоочуларын көмүскөгө качырат

Такси айдоочулар профсоюзунун төрагасы Улан Чолпонбаев таксисттерди лицензиялоо бир катар социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү жаратарын айтты.
Sputnik
Таксисттерди лицензиялоо коррупциялык тобокелчиликтерди көбөйтөт. Бул тууралуу Улан Чолпонбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда такси айдоочулар жеке ишкер катары патент алып иштейт.
"Такси айдоочуларын лицензиялоо тууралуу мыйзам долбоору жарыялана элек. Азырынча бул сунуш болуп жатат. Ошентсе дагы бул демилгеде айрым кооптуу жагдайлар бар экенин белгилөө керек. Маселен, ошол эле коррупциялык тобокелчиликтерди көбөйтөт. Мындан тышкары, чыгарылган жылы боюнча эски же оң рулдуу унаалар лицензиялоонун талаптарына ылайык келбей калышы ыктымал. Такси айдоочулардын көпчүлүгү оң рулдуу унаалар менен кызмат көрсөтөт. Алар жумушсуз калабы деген сыяктуу суроолор арбын. Ошондуктан бул боюнча мыйзам долбоору ар тараптуу талкууга алынып, бардык жактын пикири эске алынуусу керек. Анын үстүнө бул такси айдоочулардын көмүскөгө кирип кетүүсүнө өбөлгө түзөт", — деди Чолпонбаев.
Ошондой эле ал жергиликтүү таксопарктар менен кызматташкан айдоочулар лицензиясы жок эле көзөмөлгө алынарын кошумчалады.