Көбү Россия, Кореядан келет. Кыргызстан импорттогон автоунаалардын саны

Кыргызстанга темир тулпар алып келгендердин лидери Россия, Түштүк Корея, Грузия, АКШ жана Литва экени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанга 2022-жылы 13 116 автомобиль импорттолгон. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат.
Негизги импортер өлкөлөр ( 1 000ден ашык автоунаа):
Россия — 5 573;
Түштүк Корея — 2 097;
Грузия — 1 924;
АКШ — 1 149;
Литва — 1 014.
Төрт өлкөдөн 100дөн ашыгыраак автокөлүк алып келишкен:
Казакстан — 422;
Япония — 281;
Беларусь — 176;
Кытай — 119.
Төмөнкү өлкөлөрдөн аз санда ташып киришкен:
Өзбекстан — 89;
Германия — 58;
Канада — 48;
Бириккен Араб Эмирлиги — 45;
Армения —44;
Словакия — 41;
Эстония —5;
Австралия, Австриядан — 4төн;
Иран, Мексика, Швециядан — 3төн;
Индонезия, Нидерланд, Түркмөнстан, Франциядан — 2ден;
Болгария, Латвия, Улуу Британия, Таиланд, Тайвань, Швейцария — бирден алып киришкен.
Пресс-борбор
ЕАЭБге оң рулдуу автоунаа алып кирсе болобу? ЕЭК министринин жообу