БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин чакыртып алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, ал мындай чечимди эки өлкөнүн Украина кризиси боюнча позициясынан улам кабыл алган.
"Эл аралык укуктан четтеп кеткен мамлекеттерге карата биздин дипломаттар татыктуу жана керектүү чечимдерди кабыл алып жатышат. Украинага каршы агрессияны актаган Кыргызстандан элчибизди чакыртып алууну чечтик", — деп билдирген Зеленский.
Буга чейин Садыр Жапаров Донбасстагы кырдаал боюнча үн катып, Кыргызстан кырдаалды жөнгө салууда БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан колдоого алынган жалгыз документ — Минск макулдашуусунун сакталышын колдой турганын, тилекке каршы, анын аткарылбай калышы азыркы жөнөкөй эмес кырдаалга кептегенин белгилеген.