Кайгылуу ырлардын рыцары 64 жашта. Асылбек Өзүбековдун сүрөттөрү

Бүгүн КРдин эл артисти Асылбек Өзүбековдун туулган күнү. Актёр, обончу жана аткаруучу 64 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Асылбек Өзүбеков 1958-жылы 1-мартта Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында жарык дүйнөгө келген. Ал орто мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги театр жана сүрөт көркөм институтунда билим алып, эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынан баштап, он жылдай актёр болуп иштеген. Андан соң 18 жыл "Тунгуч" театрында эмгектенип, "Боз салкын", "Апамдын махабаты" тасмаларында роль жараткан.
Жаштайынан ырга жакын чыгармачыл инсан музыкалык аспапта ойнойт. Обончу 1984-жылы алгачкы "Өмүр" деген ырын радиого жаздырып бат эле эл оозуна алынып, кийин "Фаридам", "Гүлдөй жан", "Отуз жаш" өңдүү 40ка жакын чыгарма жараткан. Чыгармаларынын көпчүлүгү сүйүү, арзуу темасында, ошондуктан аны "кайгылуу ырлардын рыцары" деп атап алышкан.
Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты азыр театрда иштеп, айылда багбанчылык менен алектенип, байбичеси менен эки кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн.
1 / 13

Өзүбеков алгачкы "Өмүр" деген ыры менен эл арасында бат эле таанылып кеткен

2 / 13

Жаш кез. Гитара чертип, обон созуп жүргөн жылдар

3 / 13

Замандаштар: Болот Шер, Асылбек Өзүбеков жана Мурат Мамбетов

4 / 13

"Туңгуч" театрынын чыгармачыл тобу: биринчи катарда турган Мурат Мамбетов менен Асылбек Өзүбеков, экинчи катарда Тынара Абдразаева, Эгемберди Чалабаев, Жаркын Балыкбаева, Каныбек Бекбатыров, үчүнчү катарда Момун Койсойбосов, Мукамбет Токтобаев жана анын байбичеси Жандат Жаманбаева, төртүнчү катарда Тилек Жумагазиев менен Жамал Сейдакматова отурат.

5 / 13

КР эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков санаалаштары менен

6 / 13

Кинематографист Кадыржан Кыдыралиевдин тасмасында роль аткарган Өзүбеков менен Тынара Абдразаева, 1990-жыл

7 / 13

Асылбек Өзүбеков 40ка жакын обондун автору

8 / 13

Театрдын чатырын оңдогон директор. Актёр 2018-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалган

9 / 13

"Көк бөрү" оюнунун баяндамачысы

10 / 13

Кинорежиссёр Темир Бирназаров менен актёр Асылбек Өзүбеков

11 / 13

Актёр "Тунгуч" театрында 18 жыл, ал эми Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында узак жылдан бери иштеп келет

12 / 13

Актёр багбанчылык менен да алектенет. Анын Ысык-Көлдө чоң алма багы бар

13 / 13

Неберелеринин кучагындагы чоң ата