Радио

Шокенов: алыскы аймакта жашагандар 23-апрелден 2-майга чейин каттоого алынат

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов быйылкы эл каттоо иш-чарасы "Кыргызстанда ар бир адам маанилүү" урааны менен өтүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өтөт. Ал эми алыскы катаал шартта жашаган аймактагы адамдар 23-апрелден 2-майга чейин катталат. Мамлекеттик деңгээлдеги мындай ири иш-чара салттуу түрдө ар он жылда бир өтөт. Бул жолку эл каттоо Кыргызстан эгемендик алгандан берки убакта үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Өлкөдө биринчи улуттук эл жана турак жай фондун каттоо 1999-жылы (4,8 млн. калк) өткөрүлсө, экинчи эл каттоо 2009-жылы (5,3 млн. калк) болгон. Бул тууралуу Бакытбек Шокенов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл каттоо иш-чарасы союз мезгилинде сегиз ирет өткөрүлгөн.
"Бүгүнкү күндө КРдин Улуттук статистика комитети өлкө үчүн абдан маанилүү болгон масштабдуу иш-чарага кызуу даярданууда. Эл каттоого тартыла турган персоналды окутуу, үйрөтүү иштери да алгылыктуу жүрүп жатат. Эл каттоого тартыла турган персоналдын катарын координаторлор, текшерүүчүлөр, каттоочулар жана албетте Статкомдун кызматкерлери толуктайт. Бул жолку эл каттоонун уникалдуулугу – электрондук форматта өтө тургандыгы. Маалыматтык технологиянын заманында жана өлкөбүздү санариптештирүүнүн алкагында, ошол эле мезгилде каттоочулардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн мындай аракеттер жасалып жатат. Электрондук эл каттоо респонденттерден маалымат топтоодо ыкчамдуулукту жана эффективдүүлүктү камсыздайт. Каттоо кампаниясына Кыргызстандын бардык аймактарынан дээрлик 28 миң адам тартылат, алардын арасынан 25 миңи каттоочулар. Бардыгында Android-5 уюлдук аппараты болот жана алар глобалдык тармакка чыга албай турган тиркемеде маалыматты топтошот (ар бир каттоочуга жаңы MegaCom операторунун сим-картасы берилет). Эл жана турак жай фондун каттоонун форматына токтолсок, каттоо баракчасы өзүнө беш суроо тизмегин камтыйт. Төртүнчүсү чет мамлекетке чыгып кеткен адамдарга ылайык иштелип чыккан. Негизинен жалпы тизмекте 40тан ашык суроо бар. Үй-бүлөдө бир адам бардык адамдар үчүн жооп бергенге мүмкүнчүлүк берилет. Бул жерде документтер талап кылынбайт, жооптор адамдын оозеки айтып берген маалыматтарынын негизинде жазылат", — деди Шокенов.
Ал бардык Кыргызстандын жашоочуларын эл жана турак жай фондун каттоого активдүү катышууга чакырды.