Радио

Абдылдаев: иммунитет жогору болушу үчүн үч эрежени сакташ керек

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Аллергология, иммунология боюнча профессордук курстун башчысы, медицина илимдеринин доктору Таалайбек Абдылдаев иммунитетти көтөрүүнүн жолдорун белгиледи.
Sputnik
Иммунитет адам организми үчүн абдан маанилүү. Айрым жагдайлардан улам түшүп кетсе ден соолукка кедергисин тийгизет. Бул тууралуу Таалайбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иммунитетти көтөрүү үчүн түрдүү витаминдерди ичерде дарыгерге кайрылуу зарыл.
"Иммунитет түшүп кеткен учурда адамдын бетине, колдоруна сөөл чыгып кетиши ыктымал. Андан сырткары, түрдүү онкологиялык оорулардын пайда болушун шарттайт. Андыктан иммунитетти жогорулатууга умтулуу зарыл. Бул үчүн көп жагдайды эске алуу талап кылынат. Туура тамактануу, синтетикалык заттарды колдонуудан болушунча баш тартуу жана спорт менен машыгуу — бул үч негизги эреже. Рациондо сөзсүз түрдө кара кесек эт, жашылча жана мөмө-жемиш болушу керек. Көпчүлүк азыр эт кымбаттап, тоок этине өтүп алды. Өзгөчө тооктун сан этинин курамында адамдын ден соолугуна зыян алып келүүчү оор металлдар бар. Ошондой эле таза суу ичип, абасы таза жерде көбүрөөк жөө сейилдөөгө аракеттенишибиз абзел. Адатта күнүнө 10 чакырымга чейин жөө басуу талап кылынат. Түрдүү көнүгүүлөрдү жасоону күнүмдүк эрежеге айлантып алган дурус. Ошондо адамдын иммунитети күчтүү болуп көп ооруларга чалдыкпай, илдет илешкен күндө да жеңил өтүп кетет", — деди Абдылдаев.
Ал ашканада колдонулуп жаткан жана балдардын оюнчуктары жасалган сапатсыз желимдер да иммунитетти талкалоого таасирин тийгизерин кошумчалады.