БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Футбол боюнча эл аралык федерация (ФИФА) менен Европалык футбол ассоциацияларынын союзу (УЕФА) россиялык курама командалар менен клубдарды бардык эл аралык турнирлерге катышуусун чектеди. Бул туурасындагы маалымат ФИФАнын сайтына чыкты.
Россиянын эркектерден турган курама командасы 24-мартта Москва шаарында Польшанын командасы менен жарым финалдык турнирде беттешмек. Бул 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө чыгууга мүмкүнчүлүк бермек. Ал эми башка жарым финалда Швеция менен Чехиянын командалары кездешет. Турнирдин жеңүүчүсү Катарда 21-ноярбрдан 18-декабрга чейин өтө турган дүйнө чемпионатына чыгат. Россиянын кыз-келиндерден турган курама командасы Англияда 6-31-июлда өтүүчү Евррпа чемпионатына катышышы керек эле.
FIFA эл аралык оюндарда Россиянын туусу менен гимнине тыюу салган.
Россия президенти Владимир Путин 21-февралда Луганск жана Донецк элдик республикаларын таануу боюнча жарлыкка кол койгон. Алар 2014-жылы өздөрүн Киевден көз карандысызбыз деп жарыялаган. 24-февралдын таңынан тарта Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча операцияны баштады. Бул туурасында Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ага аталган республикалардын жетекчилеринин Россия лидеринен жардам сураганы себеп болгон.