Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Евробиримдик Россияга ири экономикалык жана финансылык согуш ачарын айтты

Украинада Россиянын атайын операциясы башталгандан бери батыш өлкөлөрү жаңы санкцияларды киргизип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Евробиримдик Москваны экономикалык жактан кысууга аракет жасайт. Бул тууралуу Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Россияга каршы глобалдык экономикалык жана финансылык согуш жүргүзгөнү жатабыз", — деген ал France Info радиостанциясынын эфиринде.
Украинада Россиянын атайын операциясы башталгандан бери батыш өлкөлөрү жаңы санкцияларды киргизип жатат. Евробиримдик Россиянын банкынын резервдерин жана активдерин башкарууга байланыштуу операцияларга тыюу салды. Ошондой эле россиялык бир нече финансылык уюмдар, Сбербанк жана ВТБ чектөөгө кабылды.
Евробиримдик асманын Россиянын самолёттору үчүн толук жапты
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкиде турак үйлөр аткыланууда. Талкаланган аймактагы кадрлар