Башкы прокуратура: "Чыгыш электр" ишканасынын кызматкерлери кармалды

Кишен. Архив
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Чыгыш электр" ишканасынын Нарын филиалынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын жооптуу кызматкерлери 2016-2020-жылдары электр энергиясына болгон 219 миллион 667 миң сом карыздарды негизсиз эсептен чыгарганы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголду.
28-февраль күнү Тянь-Шань райондук электр тармактарынын начальниги Б.Т.О., "Чыгыш электр" ААКнын Нарын филиалынын мурдагы директорлору А.А.А. жана Ж.А.М. кармалып, Нарын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.
ИИМдин кызматкерлерин пара менен кармалды
УКМК 6 миң доллар пара алды деген ИИМдин кызматкерлерин кармады. Видео