БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Украинадагы аскердик операцияга келишим менен кызмат өтөгөн жоокерлер гана катышууда. Бул туурасында Россиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков айтканын РИА Новости жазды.
"Белгилей кетейин, атайын аскердик операцияга Россиянын Куралдуу күчтөрүндөгү офицерлер жана келишим менен кызмат өтөгөн жоокерлер катышып жатат. Алар катардагылар жана сержанттык курамдагылар", — деген Конашенков.
24-февралдын таңынан тарта Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча операцияны баштады. Бул туурасында Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ага аталган республикалардын жетекчилеринин Россия лидеринен жардам сураганы себеп болгон. Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган.
Кийинчерээк Россиянын Коргоо министрлиги Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына сокку урбастыгын, мелженген жерлер – аскердик инфраструктура экендигин, өтө так каражаттар менен алар иштен чыгарылып жаткандыгын айткан. Бул аскер ведомствосу жай жарандарга кооптуулук жаралбайт деп билдирген.