Бөлүнгөн акча баарыңарга жетпейт! Садыр Жапаров дыйкан, фермерлерге кайрылды

Президент быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүнгөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров экономикадагы акыркы кырдаалдан улам Кыргызстандын айыл чарбасындагы абалга токтолуп, дыйкан, фермерлерге кайрылды.
Белгилей кетсек, президент дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга байланыштуу Facebook баракчасы аркылуу билдирүү жасаган.
"Бүгүнкү күндө бир да талааны бош калтырбай эгин айдоо үчүн бардык аракетти жасап жатабыз. Өзүбүздүн айыл чарба продуктуларын өндүрүп, аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйтүшүбүз керек. Ар бир тамчы суу кымбат. Мындай кыйын мезгилде каналдарды, арыктарды тазалоого, нымдуулукту үнөмдөөгө керек болгон каражаттар берилди. Быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүндү. Бирок бул сумма быйыл бардык фермер, дыйкандарга жетпейт. Анткени өлкө боюнча 400 миңден ашуун дыйкан жана фермер бар. Быйыл жетишинче алсаңар, буюрса эмдиги жана аркы жылдары дагы көбүрөөк акча бөлөбүз. Үч жылда баарын камсыз кылабыз деген планыбыз бар", — деди Садыр Жапаров.
Ал казынадагы акчанын баары берилип жатканын айтып, өлкө эгемендик алгандан бери биринчи жолу айыл чарбасына ири суммадагы каражат бөлүнүп жатканын белгилеген.
Садыр Жапаров: акчасы барлар алтын сатып алгыла, салмагына чектөө жок
Садыр Жапаров: жакын арада улуттук валюта катуу басымга кабылышы мүмкүн