Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия менен Украинанын делегациялары сүйлөшүүнү баштады

Эки тараптуу сүйлөшүү Беларустун Гомель облусунда жүрүп жатат. Коопсуздук үчүн так дареги айтылган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Россия менен Украинанын делегациялары Беларустун Гомель облусунда сүйлөшүүлөрдү баштады.
Москванын атынан президенттин жардамчысы Владимир Мединский, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Мамдуманын эл аралык комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкий жана Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов барды.
Ал эми Украинанын атынан коргоо министри Алексей Резников, "Слуга народа" фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, президенттин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк, Жогорку Раданын депутаты Рустем Умеров, Украина делегациясынын Үч тараптуу байланыш тобунун жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Костин катышууда.
Эки тараптуу сүйлөшүүнү Беларусь уюштуруп, жыйын Гомель облусунда жүрүп жатат. Коопсуздук үчүн так дареги айтылган жок.
Зеленскийдин кеңсеси сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тез арада атышууну токтотуп, аскерлерди Украинадан чыгарып кетүү талабы коюларын кабарлады.
Эске салсак, 27-февралда эртең менен Россиянын делегациясы украиналыктар менен сүйлөшүү үчүн Минскиге барган. Анын курамына президенттин администрациясынын, ТИМдин, Коргонуу министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирген. Алар сүйлөшүүнү Гомелде баштоого даяр экенин маалымдаган.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Беларусь тараптан да сокку урулуп жатканын айтып, жолугушуу үчүн Минск нейтралитет боло албастыгын билдирген. Ал дагы тынчтыкты орнотууга, сүйлөшүүгө ынтызар экенин, бул үчүн Варшава, Будапешт, Стамбул, Баку сыяктуу башка шаарларды тандоону сунуштаган эле.
Беларусь убактысы боюнча саат 12:00дө Россиянын өкүлдөрү Украинанын жообун саат 15:00гө чейин күтөрүн, эгер келбесе бардык кан төгүүлөргө украин тарап жоопкер болорун билдиришкен.
Кийинчерээк Украина Россия менен Гомель облусунда сүйлөшүүгө акыры макул болгону кабарланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сирия ДЭР менен ЛЭРди таанууга даяр экенин билдирди
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин Украинадагы аскердик операциясы: 28-февралга караган түнү эмнелер болду