Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия менен Украина сүйлөшүүнү баштады. Тарыхый видео

Россия менен Украинанын делегациялары Беларустун Гомель облусунда сүйлөшүүлөрдү баштады. Аны Беларустун ТИМ жетекчиси Владимир Макей ачты.
Sputnik
Видеодон Беларустун ТИМ жетекчиси Владимир Макейдин сүйлөшүүнүн катышуучуларына кайрылганын көрүүгө болот. Ал президент Александр Лукашенко аталган сүйлөшүү үчүн шарттарды жана коопсуздукту камсыздоону тапшыргандыгын айтты.

"Президент Лукашенко бардык кризистик суроолорду чечүүгө жол табыларына ынанып турат жана мунун аткарылышын бардык беларустар тилек кылып жатат", — деди Макей.

Ал делегация мүчөлөрүнүн коопсуздугу толук сакталарын белгиледи.
"Президенттер Путин, Зеленский менен сүйлөшкөндө айтылгандай, өзүңүздөрдү толук коопсуздукта деп сезсеңиздер болот, бул биздин ыйык милдетибиз", — деди ал.
Москванын атынан президенттин жардамчысы Владимир Мединский, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин, Мамдуманын эл аралык комитетинин жетекчиси Леонид Слуцкий жана Россиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов барды.
Ал эми Украинанын атынан коргоо министри Алексей Резников, "Слуга народа" фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, президенттин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк, Жогорку Раданын депутаты Рустем Умеров, Украина делегациясынын Үч тараптуу байланыш тобунун жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Костин катышууда.
Эки тараптуу сүйлөшүүнү Беларусь уюштуруп, жыйын Гомель облусунда жүрүп жатат. Коопсуздук үчүн так дареги айтылган жок.
Тема боюнча:
Россия менен Украинанын делегациялары сүйлөшүүнү баштады
РФтин Украинадагы аскердик операциясы: 28-февралга караган түнү эмнелер болду
Путин россиялык армиянын күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү тапшырды