БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнөлүк футболдо ири башкаруучу орган болуп эсептелген FIFA Украинадагы кырдаалга карата Россияга каршы бир катар санкцияларды киргизди. Бул тууралуу уюм өзүнүн сайтына жазды.
Маалыматка караганда, россиялык футболчуларга ар кандай беттештерге катышууга тыюу салынган жок. Бирок айрым чектөөлөр коюлду.
Алар:
Россиянын курама командасы катышкан беттештерде мамлекеттин туусу менен гимни колдонулбайт;
FIFA уюмуна тиешелүү бир дагы эл аралык мелдеш Россиянын аймагында өтпөйт. Ошондой эле Россиянын командасы катышкан оюндар нейтралдуу аймакта, көрүүчүсүз өткөрүлөт;
Россиянын курама командасы мындан ары "Россиянын футбол бирикмесинин командасы" деген аталыш менен чыгышы керек.
"FIFA башка дагы чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн. Аларды аныктоо үчүн UEFA жана Эл аралык олимпиада комитети менен кеңешип жатат. Эгер Украинадагы абал турукташып, тараптар диалогго келбесе, россиялык футболчулар бардык оюндардан четтетилиши толук ыктымал", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындай чектөөлөрдөн кийин россиялык команда кайсы желек жана музыка менен оюн талаасына чыгары белгисиз. Ошондой эле футболчуларга нейтралдуу аймакка баруу дагы оңой болбойт. Анткени Россиянын учактары үчүн Европа биримдигинин аба мейкиндиги жабылды.