Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: ракеталык күчтөр, эки флот жана авиация күчөтүлгөн курамда нөөмөтүн баштады

27-февралда Путин коргоо министри Шойгу жана Башкы штабдын жетекчиси Герасимов менен жолугуп, аларга тапшырма берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Стратегиялык маанидеги ракеталык күчтөр, Түндүк жана Тынч океан флоту, андан сырткары, алыс аралыкка уча турган авиация күчөтүлгөн курамдагы аскердик нөөмөтүн баштады. Бул туурасында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия Федерациясынын коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командачысы Владимир Путинге анын буйругунун негизинде Стратегиялык маанидеги ракеталык күчтөр, Түндүк жана Тынч океан флоту, алыс аралыкка уча турган авиациянын нөөмөттөгү пунктулары күчөтүлгөн курамдагы аскердик нөөмөтчүлүгүн баштагандыгын билдирди", — деп айтышкан аталган ведомстводон.
Кечээ, 27-февралда, Путин коргоо министри Шойгу жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов менен жолугуп, орус армиясынын күчтөрүн өзгөчө режимде кызмат өтөөгө өткөрүүнү тапшырган. Башкы командачы Батыштын агрессиялык билдирүүлөрүнөн улам мындай буйрук бергендигин айткан.
Андан мурдараак Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс азыркы чыңалып турган кырдаал Россия менен НАТОнун чатагына алып келиши мүмкүн деп билдирүү жасаган.
Россия президенти Владимир Путин 21-февралда Луганск жана Донецк элдик республикаларын таануу боюнча жарлыкка кол койгон. Алар 2014-жылы өздөрүн Киевден көз карандысызбыз деп жарыялаган.
24-февралдын таңынан тарта Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча операцияны баштады. Бул туурасында Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ага аталган республикалардын жетекчилеринин Россия лидеринен жардам сураганы себеп болгон.
Кийинчерээк Россиянын Коргоо министрлиги Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына сокку урбастыгын, мелженген жерлер – аскердик инфраструктура экендигин, өтө так каражаттар менен алар талкаланып жаткандыгын айткан. Бул аскер ведомствосу жай жарандарга кооптуулук жаралбайт деп билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен Украина сүйлөшүүнү баштады. Тарыхый видео