Радио

Абжапаров: пенсиянын топтомо бөлүгүн үч учурда алса болот

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров жарандар пенсиянын топтомо бөлүгүн пенсияга жаш курагы жете элек үч учурда ала алышарын айтты.
Sputnik
Пенсиянын топтомо бөлүгү 50 миң сомдон жогору болгон учурда жарандар ипотекасын төлөө үчүн аны пенсияга чыкпай туруп ала алышат. Каражатты ипотеканын баштапкы төлөмүнө коротобу же кийинки айларын төлөйбү, ал адамдардын жеке тандоосу. Бул тууралуу Теңизбек Абжапаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жумушсуз калган адамдар каттоого турган соң пенсиянын топтомо бөлүгүнөн жөлөк пул алып турушу боюнча мыйзам долбоору сунушталууда.
"Эми жарандар пенсияга жаш курагы жете элек үч учурда өз пенсиясынын топтомо бөлүгүнөн каражат ала алышат. Биринчиси — адам оор илдетке кабылып, чет мамлекеттерден операция жасатуу зарылчылыгы келип чыкса же айыккыс дартка кабылган кезде бизге кайрылса болот. Экинчи учур — ипотекасы барлар пенсиясынын топтомо бөлүгү 50 миң сомдон ашкан учурда аны ипотекага төлөө үчүн ала алышат. Бул жерде ипотека күйөөсүнө катталган болсо аялы же, тескерисинче, аялына катталса күйөөсү да ала алат. Ошондой эле учурда пенсиялык реформа боюнча сунушталып жаткан мыйзамга жарандар ишсиз калган учурда да ушул топтомо бөлүктөн аларга жөлөк пул төлөп берүү боюнча сунуш киргизилди. Бул да жакында ишке ашат деп күтүп жатабыз", — деди Абжапаров.
Ал кененирээк маалымат алуу үчүн аталган мекемеге кайрылуу зарылдыгын же кат жиберишсе, 14 жумуш күнүнүн ичинде жообун алууга мүмкүн экенин кошумчалады.