Радио

Токтомбаев: өндүрүштү кеңейтип, продукцияны чет жакка экспорттойм

Ишкер Азат Токтомбаев учурда пайдалуу батончиктерди буйрутмага жараша өндүрүп жатканын жана командасында 4-5 киши иштээрин айтты.
Sputnik
Мектепти бүткөн соң жогорку билим алам деп чечкем. Көп адам укалоочулардын курсуна бар деп кеңеш берди. Анткени биздин коомдо азиздер укалоочу эле боло алат деген пикир бар. Бирок мен Ысык-Көл мамлекеттик университетине тапшырып, тарых мугалими болууну чечтим. Ошентип диплом алдым, бирок мектепке тарых мугалими болуп кире алган жокмун. Себеби мени ишке алган жок. Бул тууралуу Азат Токтомбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы пайдалуу батончиктерди өндүрүп баштаган.
"Көп бизнес ачтым, бир нече жолу банкрот болсом дагы баары бир ишимди уланта бердим. 2016-жылдары кофе менен чай баштыкчаларын сатып алып, Бишкектеги базарларда суусундук, майда-чүйдө сатчумун. Ишим жакшы жүрүп, андай ишке дагы башка азиз балдарды үйрөттүм. Кийин Гүлназ Жүзбаевадан (Азиздердин кыргыз биримдигинин жетекчиси — ред.) батончик жасоо демилгесин угуп калдым. Спорт менен алектенгендиктен кургатылган жемиш жана жаңгактан жасалган батончиктер канчалык пайдалуу болорун жакшы билем. Натыйжада өзүм ушул бизнести баштоого белсендим. 2018-жылы "Мен Кыргызстанга инвестиция кылам" аттуу долбоорго катышкам. Майыптыгы бар адамдардын арасынан жеңүүчү болуп, 100 миң сом утуп алдым. Негизи аны базардагы чай, кофе саткан ишиме жумшамак болчумун. Бирок каражат колго тийгиче эле өз акчама ишимди улантып кеттим. Ошентип утуп алган каражатты пайдалуу батончиктерге жумшап, 2019-жылы өндүрүшкө толук кириштим. Азыр жубайым экөөбүз иштетебиз. Пандемия учурунда ишим толук токтоду. Учурда ишти жандантып, мурдагы калыпка түшүп калдык. Чындыгында биздин товардын баасы кымбат эмес. Кара өрүк, бадам, курма, бал, кургатылган өрүк колдонулат. Кыргызстанда ушундай рецепт менен буга чейин продукция чыгарылган эмес. Азыр пайдалуу батончиктер Бишкектеги "Айыл азыгы" дүкөндөрүндө сатылат", — деди Токтомбаев.
Ал алдыда өндүрүштү көбөйтүп, пайдалуу продукцияны чет мамлекетке экспорттоону көздөп жатканын кошумчалады.