Мамлекеттик органдарга унаа сатып алууга жана имараттарды оңдоого тыюу салынды

Министрлик президенттин чыгымдарды оптимизациялоо жөнүндөгү жарлыгын аткарып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алууларга чектөө киргизилгенин кабарлады.
Маалыматка караганда, 1-марттан тарта мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына бюджеттин эсебинен кызматтык унаа алууга жана имараттарга капиталдык ремонт жасоо үчүн тендер жарыялоого убактылуу тыюу салынат.
Мындай аракеттер Кыргызстандын президентинин чыгымдарды оптимизациялоо жөнүндөгү жарлыгынын алкагында жасалууда. Финансы министрлигине бул багыт боюнча көрүлө турган чаралардын программасын иштеп чыгуу тапшырылган. Мында бюджеттик каражатты 2022-2023-жылдарга карата эффективдүү колдонуу маселеси дагы камтылган.
Садыр Жапаров: жакын арада улуттук валюта катуу басымга кабылышы мүмкүн