Жаңы конуштардын башкы планын иштеп чыгууга 350 млн. сом бөлүнмөй болду

Тармактык ведомстволорго шаардын 20 пилоттук башкы планын иштеп чыгуу, чек арадагы калктуу пунктулардын башкы пландарын бүткөрүү тапшырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өлкөнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешмеге катышты. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Жыйын Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунда өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2018-2025-жылдарга калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Жапаров Финансы министрлигине жогоруда айтылган программаны ишке ашыруу үчүн тийиштүү иштерди аткарууга 350 миллион сом бөлүүнү тапшырды.
Ошондой эле тармактык ведомстволорго шаардын 20 пилоттук башкы планын иштеп чыгуу, чек арадагы калктуу пунктулардын башкы пландарын бүткөрүү тапшырылган.
Азык-түлүктүн баасы өссө бийлик кандай аракет көрөрүн айтты