Радио

Сутуева: учурда өлкөдө гемодиализ алган адамдардын саны 1 922ге жетти

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Гүласыл Сутуева өлкөдө гемодиализ алган адамдардын саны 2 миңге чукулдап калганын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын аймагында гемодиализ борборлорунун санынын көбөйүшү бейтаптардын убагында дарылануусуна шарт түзүүдө. Бул тууралуу Гүласыл Сутуева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 5-6 жыл мурда республика боюнча жеке менчик бир гана гемодиализ борбору иштеп келген.
"Учурда өлкөдө 1922 адам гемодиализ алып жатканы белгилүү. Бирок борборлорго кайрылган жарандардын саны дагы өсүүдө. Нефрологдор бейтаптардын абалын 4-5-стадияга жеткирбегенге аракет көрүп жатышат. Гемодиализ процедурасын жасоонун сапатына жакшы көңүл буруу керек. Анткени бул кызматтын иштегенине аз эле убакыт болду. Кыргызстандын аймагында гемодиализ борборлорунун санынын көбөйүшү бейтаптардын убагында дарылануусуна шарт түзүүдө", — деди Сутуева.
Ошондой эле адис учурда гемодиализ кызматынын бир сеансы 4700 сомду түзүп, инфляцияга байланыштуу коюлган баа өсүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.