Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФтин Украинадагы аскердик операциясы: 28-февралга караган түнү эмнелер болду

Евробиримдиктин башчысы европалыктар антироссиялык санкциялардан жапа чегип жатканын мойнуна алды. FIFA Россияда эл аралык беттештерди өткөрүүгө тыюу салды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясы уланып жатканын РИА Новости кабарлады.
28-февралга караган түнү эмнелер болгондугу боюнча кыскача баяндама менен тааныштырабыз.
Евросоюз россиялык аба кемелерине өзүнүн аймагына конууга, анын үстүнөн учуп өтүүгө тыюу салды.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен ЕБ украиналык качкындарды кабыл алууга даяр экендигин билдирди.
Евробиримдиктин дипломатия жетекчиси Жозеп Боррель ЕБ Украинага аскердик учактарды берүүгө ниеттенип жатканын айтты. Биримдиктин ТИМ жетекчилери украин армиясына жардам көрсөтөрүн, анын ичинде 450 миллион евролук курал-жарак жана 50 миллион евролук жабдуу бар экенин билдирди. ЕБдин бир катар мамлекеттери куралды эки тараптуу келишимдин негизинде берерин айтышты.
Тышкы иштер министрлери RT менен Sputnik ресурстарына тыюу салууга макулдашты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин россиялык армиянын күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү тапшырды
FIFA Россияда эл аралык матчтарды өткөрүүгө тыюу салды. Курама команда уюштура турган беттештер көрүүчүлөрсүз, нейтралдуу аймакта болушу керектиги айтылды. Россиянын намысын талашкан команда кандай гана оюндар болбосун "Россиянын футболдук союзунун" атынан катышууга укуктуу. Оюнда Россиянын желеги көтөрүлбөйт, гимни ойнолбойт.
"Чоң жетиликтин" ТИМ жетекчилери Украинанын коргонуусу үчүн куралдарды берүүгө макулдашты.
Еврокомиссар Янез Ленарчич жер которгон украиналыктардын саны 7 миллиондон ашышы мүмкүн деген маалыматты айтты.
Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү дүйшөмбү күнү Беларуста өтөрү кабарланды.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана аткаминерлер Урсула фон дер Ляйен менен Жозеп Боррель билдирүүлөрдөн баш тартпаса, аларга каршы санкция салынарын Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров эскертти.
Мамдуманын спикери Вячеслав Володин Россия Украинанын бейкут, эркин, демократиялуу жана көз каранды эмес өлкө болушуна, ал эми россиялыктардын коопсуздукта жашашына бардык күчүн жумшаарын айтты.
Евробиримдиктин башчысы Урсула фон дер Ляйен европалыктар антироссиялык санкциялардан жапа чегип жатканын мойнуна алды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Россияга каршы санкциялары. КМШ өлкөлөрүнө таасири кандай болот