БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Украинанын айланасындагы кырдаалда Россиянын лидери Владимир Путин өзүн "акылдуу" башчы катары көрсөткөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал эми Американын учурдагы жетекчилиги, тескерисинче, "акылсыз" болуп жатканын айткан.
"Маселе Путин акылдуубу же жокпу дегенде эмес. Албетте, ал акылдуу. Чыныгы көйгөй биздин лидерлердин акмак болуп жатканында", — деп Трамп тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып айткан.
Аны Newsmax телеканалы түз эфирден көрсөттү.
АКШнын мурдагы президентинин баамында, Путин Американын аскер күчтөрү Афганистанды калкасына ала албаганын көргөндөн кийин Украинага атайын операция жүргүзүү чечимин кабыл алган.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.
Кийинчерээк РФ Коргоо министрлиги Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына ракеталык, авиациялык же артиллериялык сокку урбаганын билдирип, жогорку тактыктагы каражаттар менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктурасы, аскердик аэродромдору жана абадан коргонуу объектилери иштен чыгарылганын кабарлаган. Министрлик жөнөкөй жарандарга коркунуч жок экенин белгилеген.