Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын делегациясы украиналыктар менен сүйлөшүү үчүн Беларуска келди

Делегациянын курамына президенттин администрациясынын, ТИМдин, Коргонуу министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиянын делегациясы украиналыктар менен сүйлөшүү үчүн Беларуска келди. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, делегация курамына президенттин администрациясынын, ТИМдин, Коргонуу министрлигинин жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирген. Делегация сүйлөшүүнү Гомелде баштоого даяр.
Беларусь ТИМи Минск сүйлөшүү үчүн зарыл нерселерди даярдап, протоколдук маселелердин чечимдери камсыздалып жатканын айтты.
Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча аскердик операцияны 24-февралда баштаган. Россиянын Коргоо министрлиги Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына сокку урбагандыгын, мелженген жерлер – аскердик инфраструктура экендигин, өтө так каражаттар менен алар иштеп чыгарылып жаткандыгын айткан. Бул аскер ведомствосу жай жарандарга кооптуулук жаралбайт деп билдирген.
SWIFT РФте өчүрүлсө кыргызстандыктарга кесепети тийбейби? Улуттук банктын жообу
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Украина сүйлөшүүдөн баш тартып, аскердик операция планы кайра жанданды