Бишкектиктерди ишембиликке чыгууну суранып, мэрия айып пул тууралуу эскертти

Мэриядан айлана-тегеректи тазалоо боюнча алты айлык мөөнөт жарыялангандыгын, калаа башчынын буйругу канчалык деңгээлде аткарылары текшерилип турарын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Интернетте Бишкек шаарынын жашоочуларын, уюмдардын өкүлдөрүн, ишканаларды ишембиликке чакырган кат пайда болгон.
Sputnik Кыргызстанга ал аймактык муниципалдык башкармалыкка жазылгандыгын мэриядан билдирди.
Анда мэрия шаарды жашылдандыруу жана тазалоо боюнча алты айлык мөөнөтүн белгилегендиктен айтылган тараптар буга катышуу керектиги айтылганын түшүндүрдү. Шаардын жашоочулары ар аптанын ишемби күндөрү өздөрүнө тиешелүү аймактарды иретке келтирип турушу кажет. Буга арыктарды тазалоо, бадал, бак-дарактарды тегиздеп, сугаруу жана башка иштер кирет. Аймактык муниципалдык башкармалык жарандарга ишембиликтин жыйынтыгын WhatsApp аркылуу сүрөт менен отчёт кылып жиберип турууга чакырган.
Шаардык кызматтар мэрдин буйругу менен уюштурулуп жаткан алты айлыктын кандай аткарылып жаткандыгын текшерери айтылган.
Кайрылуунун текстинде айтылгандарды тоготпогондорго административдик айып салынары кабарланган. Мэриянын маалымат кызматы айтылган айып пул боюнча түшүндүрмө берип, айлана чөйрөнү таза, иреттүү кармоо Бишкекти көрктөндүрүү боюнча 2009-жылдагы эрежелердеги 4.2 жана 2.28 пунктуларында айтылганын эске салды.
Ал эми аны аткарбагандар укук бузуулар боюнча кодекстин 114-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылары айтылган. Тагыраагы, анда таза жана иреттүү кармабагандык эскертүүгө же жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келери жазылган.
Дин кызматкерлери бир ай бою ишембиликке чыгат