БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо аяктады.
Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылып, бюллетендер автоматтык түрдө санала баштады. Алдын ала жыйынтыктар акырындык менен БШКнын сайтына чыга баштайт.
Ал автоматтык түрдө саноочу урналардын эсебине негизделген, андыктан шайлоонун акыркы жыйынтыгы деп таануу мүмкүн эмес.
Эки округдан тең депутаттык мандат үчүн 25тен талапкер ат салышты. Добуш берүү күнү ар бир округдан 60тан шайлоо участкасы ачылып, жалпы 120 тилке иштеди. Ал эми 219 654 шайлоочу тандоо укугуна ээ болчу, Биринчи май округунан — 113 105, Свердловдон — 106 549.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган. Добуш берүү жаңы система менен өтүп, 54ү партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу округдан элдин элегинен өтүштү. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Мындан улам кайра шайлоо дайындалган.