Казакстан "Кең-Булуңдан" жүк ташуучуларды бош контейнери менен киргизе баштады

Буга чейин бул тилкеден жүк ташуучу унаалар контейнерсиз гана өтүп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 26-февралдан тарта "Кең-Булуң автожол" (Кыргызстан) жана "Аухатты автожол" (Казакстан) көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуучу унаалар бош контейнерлери менен өткөрүлө баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Ведомство буга чейин "Кең-Булуңдан" жүк ташуучу унаалар контейнерсиз гана Казакстанга өтүп жатканын эскертти.
"Бүгүн, 27-февраль, саат 10:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Ак-Тилек" пунктунда чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезекте 70 жүк ташуучу унаа турат. Андан анча алыс эмес жерде жолдун боюнда токтоп турган 25 айдоочу унаасындагы жүктүн коштомо документтерин, ПЦР-тесттин жыйынтыгын жана башкаларды күтүп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок деген маалымат берилди. Абал туруктуу.
Пресс-борбор
Кыргыз-казак чек арасына топтолгон жүк ташуучу унаалар. ЕЭКтин комментарийи