Бишкектин эки округунда имараттан сырткары 1 111 шайлоочу добуш берди

Саат 10:00гө карата берилген маалыматта, Свердлов округунун шайлоочулары активдүүлүк көрсөтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого имараттан сырткары 1 111 жаран катышты.
Алар кечээ, 26-февралда, көчмө урна аркылуу добуш беришкен.
Күн мурунтан арыз берген 142 шайлоочу добуш берген эмес, анын ичинен 60ы үйүндө жок болгон.
Мыйзам боюнча кандайдыр бир себептер менен шайлоо участкасына бара албаган жарандардын жайгашкан жерине БШК өкүлдөрү урналары менен барып добуш берүүсүн камсыздайт.
Ага төмөнкүлөр кирет:
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер;
Шектүү же айыпкер катары абакта отургандар;
Ооруканада дарыланып жаткандар;
Алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда убактылуу жашагандар;
Добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан аскерлер, ИИМдин кызматкерлери;
Үзгүлтүксүз иштөө циклы бар ишканаларда же вахталык негизде иштегендер;
Соттун чечими менен үй камагына алынгандар;
Ал эми бүгүн саат 10:00гө чейин Биринчи май райондук округунда 1 954 шайлоочу (1,73 пайыз) жана Свердлов округунда 3 959 жаран (3,72 пайыз) өз тандоосун жасаган.
Белгилей кетсек, эки шайлоо округунда 50 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда. Добуш берүүчү жайлар бүгүн саат 8:00дө ачылган, 20:00дө жабылат.
Эки округдан депутаттыкка аттанган 52 талапкер бюллетендеги номерин тандады