Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

28-февралда күндүз республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас аймактарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +4…+9, Нарын чөлкөмүндө +3…+8 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17 жана Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.
Фразеологизмдер. Өзгөчө сөздөрдөн куралган тест