Эркектердин бел кубаты начарлап, бир нече ай жабыркайт. COVID-19дун кесепети

Эгерде коронавирустан кийин эркек киши дарыгердин айткандарын жакшылап аткарса, потенцияга байланышкан көйгөйлөрдөн алыс болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы эркектердин потенциясын кеминде үч айга чейин кадимкидей начарлатат. Бул тууралуу "Известия" россиялык белгилүү урологдордун айткандарына таянып жазды.
Адистер COVID-19 эркектердин эндокриндик системасына бир топ зыянын тийгизип, башкы эркектик гормонду — тестостеронду азайтып жиберерин айтышкан. Коронавирус эркектин бел кубатын начарлатып, уруктарды алсыратып, тукумсуздукту чакырган дагы башка кооптондура турган белгилерди чакырарын белгилешкен.
"Эгерде COVID-19 менен ооруган эркек кишилер адистердин ден соолукту чыңдоо боюнча айткан кеп-кеңештерин так аткарса, бул үч айдан кийин өтүп кетет", — деп жазган басылма.
Коронавирустан айыккандан кийин лабораторияга барып, бир ирет текшерүүдөн өтүп койсо ашыктык кылбайт. Эгерде балалуу болом деп жүргөндөрдө түйшөлдүргөн белгилер жаралса, дароо андролог дарыгерге кайрылыш керектиги айтылган.
Эгерде эркек киши төшөк мамилеси жакшы болбой жатканын жана алсыз болгонун байкаса, дарыгер менен кеңешип, тиешелүү анализдерди тапшырып, себебин эртерээк аныкташы зарыл.
Макалада ак халатчандарды негизи эле көйгөй жаралганда эле эстебей, 40 жаштан ашкандан кийин эркектер жыл сайын профилактика иретинде медициналык кароодон өтүп турушу кажет экени белгиленген.
Бул темадагы макаланы аталган басылмадан толугу менен окуп, таанышууга болот.
Сүт ичип ал! Өзбек окумуштуулары COVID-19га каршы жаңы ыкма сунуштоодо