Эки округда добуш бергендер 20 пайызга жете элек. Саат 16:00гө карата маалымат

Саат 16:00гө карата Свердлов округундагы шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин эки округунда өтүп жаткан кайра шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Саат 16:00гө карата Биринчи май округунда жалпы шайлоочулардын 12 610у же 11,15 пайызы добуш берди. Ал эми Свердлов округунда активдүүлүк байкалып, 21 202 жаран өз тандоосун жасаган. Бул жалпы шайлоочулардын 19,9 пайызын түзөт.
Шайлоо тилкелери саат 20:00дө жабылып, алдын ала жыйынтык жарыяланат.
Эки округдан 25тен талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда.
Бишкектин эки округунда имараттан сырткары 1 111 шайлоочу добуш берди