Бишкекте эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды

Эртең менен саат 08:00дө ачылган шайлоо участкалары кечинде 20:00дө жабылат. № 27 Биринчи май округунан 110 888, ал эми № 29 Свердлов округунда 104 711 шайлоочу добуш берет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында добуш берүү башталды.
Биринчи май округунан — 26, Свердлов округунан 25 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууда.
Эске салсак, соңку парламенттик шайлоо былтыркы жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда дал ушул эки округдун шайлоочулары "баарына каршы" добуш бергендиги үчүн эл өкүлү тандалган эмес.
Мыйзамга ылайык, эртең менен саат 08:00дө ачылган шайлоо участкалары кечинде 20:00дө жабылат. № 27 Биринчи май округунан — 110 888, ал эми № 29 Свердлов округунда 104 711 шайлоочу добуш берет.
Кайсы талапкерлер депутаттыкка ат салышып жатканын тизмеден көрө аласыз.
Эки округдан шайлоого аттанган талапкерлер үгүт ишине 23 млн. сом чогултту