Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин россиялык армиянын күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү тапшырды

Стратегиялык күчтөр Россия менен анын союздаштарына каршы агрессия жасагандардын аракетине бөгөт коюуга багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов менен жолугуп, орус армиясынын күчтөрүн өзгөчө режимде кызмат өтөөгө өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Батыш мамлекеттери биздин мамлекеттин экономикалык тармагына санкцияларды гана киргизбестен, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жогорку кызматтагы адамдары Россияга карата агрессивдүү маанайдагы пикирлерди айтып жатышат", — деди Путин.

Коргоо министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, стратегиялык күчтөр Россия менен анын союздаштарына каршы агрессия жасагандардын аракетине бөгөт коюуга жана аны кыйратууга (өзөктүк согушта дагы) багытталган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Россия менен Гомель шаарында сүйлөшүүгө акыры макул болду
SWIFT РФте өчүрүлсө кыргызстандыктарга кесепети тийбейби? Улуттук банктын жообу