Кайра кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Бишкекте 1-мартта жаан жаашы мүмкүн. Бирок абанын температурасы төмөндөбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Билдирмеге караганда, март айынын башында айрым жерлерге жаан, кар жаашы ыктымал. Бишкекте 1-мартта жамгыр жаашы мүмкүн. Бирок абанын температурасы төмөндөбөйт.

Чүй, Талас облусу

Чүй облусунда 27-28-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-марттан тарта түнкүсүн тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. 2-мартта күндүз кээ бир жерлерге жаан, 3-мартта түнкүсүн тоолуу аймактарга кар жаайт. 4-мартта күн ачык болсо, 5-мартта кайра тоолуу жерлерге кар түшүүсү божомолдонууда.
Таласта 5-мартта кар жаашы күтүлөт. Башка күндөрү өрөөндөрдө абанын температурасы 8...10 градуска чейин жетип, жылуу болору божомолдонду.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда да аба ырайы апта ичи өзгөрүп турары айтылды. 1-март күндүз жана 2-март түнкүсүн жаан жаашы ыктымал. Жалал-Абад менен Баткендин тоолуу аймактарына үч күн кар жаашы күтүлүүдө.

Ысык-Көл, Нарын облусу

Ысык-Көл менен Нарында 28-февралда жана 1-мартта жаан, тоолуу аймактарына кар жаашы божомолдонду. 3-марттан 5-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Ысык-Көлдө 3...8 градуска чейин жылыса, Нарында салыштырмалуу түнкүсүн да, күндүз да суугураак болору айтылды.
Күн ысыйбы? Жаздын биринчи айы, мартка карата аба ырайы