Радио

Зарылова: мультфильмдерди кыргызчага которууга өкмөттөн 4 млн. сом которулат

"Баластан" телеканалынын башкы редактору Айдай Зарылова "Баластан" былтыр 13 мультфильмди кыргызчага которуп, көрүүчүлөргө тартуулаганын айтты.
Sputnik
Быйыл мультфильмдерди кыргыз тилине которууга өкмөттөн 4 миллион сом которулуп жатат. Бул тууралуу Айдай Зарылова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызча жаңы мультсериал өндүрүүгө конкурс жарыяланып, өзүнчө каражат каралууда.
"Баластан" телеканалы ачылган күндөн тарта талапка жооп берген, балдардын психологиясына оң таасир берген мультфильмдерди тандап, көрүүчүлөргө тартуулап келет. 2016-жылы Россиянын СТС Kids каналы менен келишим түзүлүп, алардын материалдары колдонулууда. Былтыр канал 13 мультфильмди кыргызчалап, балдарга тартуулады. Быйыл өкмөттөн котормого 4 миллион сом которулуп жатат. Анимациялык тасма которууда анын лицензиясын сатып алуу керек болгондуктан көп иш акчага барып такалат. Айрым мультсериалдарды келишим менен акысыз алабыз", — деди Зарылова.
Ошондой эле адис "Баластан" телеканалынын котормо студиясы түзүлсө иштин илгерилешине өбөлгө түзүлөрүн кошумчалады.