Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Салттык музыка жана фольклор кафедрасынын дастан классынын студенти Самуэль Григгс жана анын устаты, манасчы Самат Көчөрбаев болду.
Биз бир жыл ичинде салттуу музыканы өздөштүргөн англиялык жигиттин жетишкендиктери тууралуу маек курдук.
— Буга чейин бир топ эле шакирттерди даярдап келгенсиз. Бирок такыр эле башка маданияттан, тили буурул адамды шакирттикке алганыңыз уникалдуу учур го...
Самат Көчөрбаев: — Бул биринчи кезекте меники эмес, биздин элдик оозеки чыгармачылыктын уникалдуулугу. Муну баса белгилеп айтуу керек. Самуэлди кыргыздын салттык музыкалык өнөрү, тили жана меймандостугу кызыктырды. Бирок эң алгач салттык өнөргө кызыгаарын айтканда кимдир бирөөлөр бизди сунушташкан экен. Анан мага келгенде салттык өнөр тууралуу кенен айтып берсем, үзүл-кесил түшүнүп жатты. Барып үч-төрт ай курстан окугандан кийин "агай, мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетине тапшырам" деп кайра келиптир. Таң калып, "ким болосуң? Комузчубу, төкмө акынбы же дастанчыбы" десем, дастанчы болорун айтты. Анан "макул" деп окууга кабыл алдык. Алгач Самуэлдин аспап үйрөнүп кетерине көзүм жеткен эмес, бирок талбаган аракети менен улуттук музыкалык аспаптарды черткенди толук үйрөнүп алды. Анан "дастан айтам" деп чыкканда, ага чейин ыр үйрөнүү керектигин айтып, акырындан даярдап келе жатабыз. Көрсө талант, аракет болсо баарына жетишүүгө мүмкүн экен. Азыр менден эле эмес, шакирттеримден, өзүнүн теңтуштарынан да үйрөнүп далалаты күч. Убагы келсе, ушул темп, жигер менен жүрүп отурса биздеги өнөр адамдарынын айрымдарынан ашат. Мен буга ишенем.
Самат Көчөрбаев: алгач Самуэлдин аспап үйрөнүп кетерине көзүм жеткен эмес, бирок талбаган аракети менен улуттук музыкалык аспаптарды черткенди толук үйрөнүп алды
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Самуэль мырза, ыраакы Лондондон Бишкекке агайыңызды таң калтырып кандайча келип калдыңыз?
Самуэль Григгс: — Окуя абдан эле узак. Чынын айтсам, Бишкекке келем деп эч ойлогон эмесмин. Буга чейин Кытайда окуп жүрчүмүн. Лондондо жүргөндө Кыргызстандын кайда экенин, керек болсо ушундай мамлекет бар экенин да билчү эмесмин. Кытайда кыргыз тайпалаштарымдан Кыргызстан тууралуу угуп, билдим. Кийин Кыргызстанга келип, Ысык-Көлгө барып эс алып, жаратылышка суктандым. Пандемия башталган учурда Кытайда болчумун. Ал кезде мен дагы кыргыз тилин жана маданиятын изилдеп жаткам. Илимий темам да ушуга байланыштуу эле. Ошентип пандемиянын шылтоосу менен Кыргызстанга качып кетүүнү ойлондум (күлүп). Бул тууралуу Лондондогу апама айтып, дароо билет алып, беш сааттын ичинде Бишкекте болуп калдым. Ошол бойдон калып калгам.
— Апаңыз кандай кабыл алды?
Самуэль: — Албетте, таң калды. Чынында алгач телефондон айтканда ыйлап жиберди. Себеби "стан" деген мүчө уланганда европалыктар Афганистан менен салыштырып "согуш жүргөн жер" деп ойлошот. Ошол себептен ал коркуп "Уулум, барбай эле койчу. Ал жакта согуш болуп жатпайбы" дегенде, "Жок апа, коркпоңуз, бул жакта баары тынч, коопсуз өлкө" деп түшүндүрдүм. Анан Кыргызстанда түшкөн сүрөттөрүмдү апама акырындан жиберип турдум. Ошентип быйыл апам да кызыгып бул жакка келгени жатат.
Англиялык дастанчы Самуэль Григгс: Кыргызстанга келип, Ысык-Көлгө барып эс алып, жаратылышка суктандым
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Сизди бишкектик тааныштарыңыз Сэм деп аташат экен. Сэм, эми өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз?
Самуэль: — Өзүм Англиянын батышындагы кичинекей шаарчадан болом. Балалыгым абдан сонун өттү. Кичинемден эле музыкага жакынмын. Ата-энем менен Испанияга эс алууга көп барчу элек. Анан испан тилин үйрөнүп көрүүнү да ойлодум. Анткени башкаларга алардын өз эне тилинде кайрылсаң, жылмайып, жагымдуу болорун байкадым. Ошондон кийин чет тилдерин үйрөнүүгө кызыгып калдым. 14 жашымдан кытай тилин үйрөнө баштап, 18 жашымда Лондон университетине барып, кытай жана тибет тили факультетине тапшырдым. Кытай тилин үйрөнгөнүмө 15 жылдай болду. Бир жыл Пекинде жүрдүм. Ал жактан кыргыздардын салттуу музыкасы тууралуу көп уккам. Бишкекке келгенде учурдан пайдаланып комуз үйрөнүп алууну чечтим. Ошол максатта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайга барып, Самат агай мага студенттер менен биригип улуттук аспаптарда ойноону үйрөнүүгө сонун мүмкүнчүлүк берди. Анан дастан айтууга абдан кызыгам.
— Кыргыз тилинде сүйлөгөнүңүздү угуп эле отургуң келет экен. Абдан жакшы өздөштүрүп алыпсыз. Жалпы канча тил билесиз?
Самуэль: — Эне тилим — англис тили. Орто мектепте милдеттүү түрдө немец жана француз тилин үйрөнгөм. Азыр унутуп баратам. Илимий жаатта изилдөө жүргүзүү үчүн фарс тилин өздөштүрдүм. Борбордук Азиянын тарыхын билүү үчүн бул тилди билүү кажет. Азыр кыргыз, фарс жана кытай тилин кошкондо баш-аягы төрт-беш тил билем.
С.К.: — Бул жигит башка билген тилдерин да айтпай жатат (күлүп). Негизи бардык тилдерден түшүнүгү бар. Билимдүү адам ушундай болушу керек. Кыргызстандагы тил маселесин же дагы башка маселе тууралуу талкуу болгондо Сэм дагы өз оюн айтып, талашып, кадимкидей талкууга аралашып кете берет.
— Кыргыз тилин үйрөнгөнүңүзгө канча убакыт болду?
Самуэль: — 1,5 жылдай болду. Азыр деле курска барып, кыргызча көркөм чыгармаларды да окуп жатам. Мукай Элебаевдин "Узак жолун", Чыңгыз Айтматов атабыздын "Ак кеме" повестиндеги "Бугу эне" жомогун окудум. Башкаларга айтарым, эгер кыргыз тилинен сөз байлыгыңарды кеңейтүүнү кааласаңар дастан үйрөнгүлө.
Самуэль Григгс: Эне тилим — англис тили. Орто мектепте милдеттүү түрдө немец жана француз тилин үйрөнгөм. Кыргыз, фарс жана кытай тилин кошкондо баш-аягы төрт-беш тил билем.
© Фото / предоставлено Самуэлем Григгсом
— Кыргыз тилин оор тилдерге кошушат. Тектеш тилдер болгондуктан түрктөр гана ушундай деңгээлде үйрөнүп кете алчу эле. Тил үйрөнүүдө эмнеден кыйналдыңыз?
Самуэль: — Кыргыз тилинин грамматикасы аябай оор. Жөнөкөй эле чактарды алсак, өткөн чакта эле "мен баргам", "мен бардым", "мен барыптырмын" деп өзгөрүп кете берет экен. Аябай татаал. Бул чет өлкөлүктөр үчүн оор. Бирок аракет кылса баары болот.
— Алыстан уккан менен Кыргызстанга келгендеги таасир, айырмачылык кандай болду?
Самуэль: — Кыргызстанда каада-салт, улуттук маданият жакшы сакталган. Ал салттуу жана заманбап маданияттын ортосунда орун тапкандыктан сакталып калган деген пикирдемин. Бул абдан жакшы. Өз салты, маданияты туруп Американын же Англиянын маданиятын тууроо бул жаман көрүнүш. Туура эмес. Ар бир адам өз маданияты, менталитети менен жашашы керек деген ойдомун. Кыргыздар өтө меймандос. Чет мамлекеттен келгендерди да асырап алышат.
С.К.: — "Манас" эпосунда "атсыз келгенине ат мыктысын мингизип, тонсуз келгенине тон мыктысын кийгизип, үйсүзүнө алты канат ак өргө, асемдеп жасап киргизип" деп айтылат да. Ошону мейманыбыз тастыктап жатат.
Самуэль: — Кыргызстанга келип абдан сонун кишилерге жолуктум. Көп дос таптым. Алар мага жылуу мамиле жасашат. Аябай сүйүндүм. Кээде сүйлөшкөндө тилден кыйналам. Айрым учурда достор менен чогуу эс алып калабыз. Кыргыз балдар, тааныштарым жардамын аяшпайт. Мындай мамилеге абдан сүйүндүм. Алар менен кыргызча сүйлөшкөндө бир аз кыйналып калганыма карабай жакшы маанайда жүрөм.
Ал эми дастанчылык класста биринчи терме, көлөмдүү ашыктык ырларын, анан дастандарды үйрөнөбүз. Баары тепкич менен жүрүп отурат. Дароо эле дастан айтып кетпейбиз, биринчи ырдан баштайбыз.
С.К.: — Самуэль беш жылдын ичинде толук кандуу дастанчы болуп чыгат. Көзүм жетет. Себеби педагог катары комуз кармап, бир чыгарманы аткарганда эле байкайм. Бул өңүттөн алып караганда Самуэль абдан аракетчил, эмгекчил жигит. Анан ачык, прогресске, өзүн-өзү өстүрүүгө умтулуп турат. Ага интеллектуалдык деңгээли, дүйнө таанымы, адамгерчилиги төп келгендиктен билим алууга умтулуу, өнөр үйрөнүү жашоосундагы негизги урааны экен. Ошол себептен ушундай ийгиликтерге жетишүүдө.
Манасчы Самат Көчөрбаев: Самуэль беш жылдын ичинде толук кандуу дастанчы болуп чыгат. Көзүм жетет. Себеби педагог катары комуз кармап, бир чыгарманы аткарганда эле байкайм
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Англияда да улуттук аспап, салттуу музыка барбы?
Самуэль: — Бизде көбүнчө классикалык музыкага басым жасалат. Бирин-экин улуттук аспаптарыбыз бар, бирок алар да унутулуп бара жатат. Аларды ойной албайм. Себеби үйрөтүүчү устат табуу мүмкүн эмес.
— Сизге көбүнчө кайсынысы жакты? Ашыктык ырларыбы, санаттарбы же дастандарбы?
Самуэль: — Мага баары эле жагат, бирок эң көп жакканы дастандар. Анткени окуя сонун баяндалат. Укканда адам ичине кирип кетет. Аябай уккулуктуу, жагымдуу, көркөм. Анан кыргыздарды дастан айтып таң калтырайын деп жатам (күлүп).
С.К.: — Негизинен башка кошумча аспаптарда да ойнойт. Биз кафедрада үйрөтөбүз. Чопо чоордо, темир ооз комузда, комузда, кыл кыякта ойной алат. Ал жагынан кыргыз балдардан кем калбайт. Окууну аяктагандар дастанчылыктан тышкары беш музыкалык аспапты профессионалдык деңгээлде үйрөнүп чыгат жана менеджердик, педагогикалык жактан да билим алат.
— Салттуу музыкабыздын өзгөчөлүгү эмнеде экен?
Самуэль: — Башка элдин салттуу музыкасы менен айырмасы абдан чоң. Негизи кыргыздар көчмөн эл. Ошол үчүн оозеки адабият мыкты өнүккөн. Өнөр устаттан шакиртке оозеки өтүп келип, анан ушул доорго жетиптир. Ушул жагынан өзгөчөлүгү аябай сезилип турат.
Самуэль Григгс: Башка элдин салттуу музыкасы менен айырмасы абдан чоң. Негизи кыргыздар көчмөн эл. Ошол үчүн оозеки адабият мыкты өнүккөн
© Фото / предоставлено Самуэлем Григгсом
— Алдыга койгон пландарыңыз кандай?
Самуэль: — Менин алдымда эки жол турат. Негизгиси — бул жакта калуу. Экинчиси — профессионалдык деңгээлде толук билим алган соң Англияга барып, кыргыз маданиятын, тилин европалыктарга жайылтсам дейм. Ал жакта Борбор Азия боюнча дасыккан, профессионал адис жок.
Азыр чопо чоор жана башка музыкалык аспаптарды окуу жайдагы бөлөк мугалимдерден үйрөнүп жатам. Ал эми Самат агайдан дастан айтуу боюнча сабак алам. Ар бир дастанчынын өз өзгөчөлүгү болот. Бул жагын түшүндүрүп берүү мен үчүн кыйын. Улуттук аспаптарды нота менен үйрөнсө, дастанчылыкты устаттын кыймылын карап отуруп өздөштүрөсүң.
— ХХ кылымдын аягында бизге батыш маданияты менен кошо музыкасы да агылып кирди. Ушул көрүнүштү алганда азыр кыргыз салттуу музыкасына, өнөрүнө жаштардын кызыгуусу кандай болууда?
С.К.: — Жаштардын кызыгуусу күч. Салттуу музыка жаатында Маданият министрлиги жана коомдук фонддор тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жасалууда. Бирок мамлекет бул жаатта идеология жүргүзүшү керек. Анткени жогорудагы иштердин баары системалуу эмес. Ушулардын башын бириктирип бир дайрага кошушубуз зарыл. Мына биздин салттуу музыкабыздын, маданиятыбыздын баалуулугун Самуэль айтып жатат. Уялышыбыз керек. Улуттук баалуулуктарыбызга таанып, экөөнү айкалыштырып алып кеткенибиз оң. Башканы кой, тил маселесинде эле кандай чабал саясат жүргүзүп жатабыз.
Самуэль: — Мен орусча бир аз түшүнгөнүм менен сүйлөй албайм. Анан кыргызча кайрылсам, бишкектиктердин көбү орусча жооп беришет. Же мага орусча кайрылышат. Чет өлкөлүк катары буга абдан таң калдым, дагы да таң кала берет окшойм. Орус тилин үйрөнүү керек. Мен буга жүз пайыз кошулам. Бирок кайсы улут болбосун, эне тилин биринчи орунга коюшу абзел. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгону менен өз тилин баалабаганы өкүндүрөт. Буга жетпей жүргөн канчалаган улуттар бар. Ушул жагын аңдап алуу мезгил талабы.
Самуэль Григгс: мен орусча бир аз түшүнгөнүм менен сүйлөй албайм. Анан кыргызча кайрылсам, бишкектиктердин көбү орусча жооп беришет
© Фото / предоставлено Самуэлем Григгсом
— Азыр улуттук аспаптарда ойногон жаштар, салттуу музыканы чет элдик музыка менен коллаборация кылып аткарып жатышат. Бул жагы салттуу музыкага киреби?
С.К.: — Дүйнөлүк музыкада "фьюжн" деген түшүнүк бар. Бул чет элдик музыка менен улуттук музыканын айкалышы. Анда мыйзам ченемдүү жаңычылдыкка, прогресске умтулуунун ыкмалары колдонулат. Ал эми салттуу музыканын сакталышы өзүнчө, ошондой эле аны жеткирүү, таанытуу жагынан башка маданият менен синтездөө бөлөк. Биздин комуз, сыбызгы, чопо чоор менен классикалык чыгармаларды ойногондор көп кездешет. Демек кыргыз музыкалык аспаптары салттуу музыканы, классиканы, фольклордук ансамблдердин күүлөрүн дагы да ойноого мүмкүнчүлүгү бар, толук кандуу популярдуу аспап десек болот. Маданиятка азыр өтө олуттуу маани берилиши керектигин да айтып жатабыз.
— Учурда эстрада ырчылары тойлордо ырдап, кем-карчын толуктап алышат. Салттуу өнөр ээлеринде ушундай мүмкүнчүлүк барбы? Материалдык жактан абалыңыздар кандай?
С.К.: — Салттуу өнөр ээлерин камсыздоо мамлекеттин милдети. Анткени улуттун уңгусун кармап турган өнөр болуп эсептелет. Искусстводо массалык маданият жана элиталык маданият деген түшүнүк бар. Элиталык маданиятты калыптандырып, элге жеткирүү үчүн интеллектуалдык деңгээл керек. Аны бардыгы эле кабыл ала бербейт. Бул көркөм маданият же фольклор эле эмес профессионалдык музыка. Ар бир элдин өзүнө таандык классикасы болот. Атай Огонбаевдин, Муса Баетовдун ырлары кыргыздын профессионалдык музыкасы. Ошол эле Затаевич, Виноградов баса белгилеп айткан Карамолдонун күүсү — бул симфонияга тете керемет чыгарма. Ушул өңүттөн алып караганда негизинен кыргыздын музыкалык аспаптары, музыкасы, кандай искусство болбосун кем калышпайт.
Ал эми жан багуу жагына келсек, эстрада багыты шоу-бизнес деп аталат. Шоу-бизнестин табияты ошондой, бир муун кетет, экинчиси келет. Анан улам жаңычылдыкты изденет. Муну бөлүп салууга да болбойт. ЮНЕСКО манасчылыкты, төкмө акындарды, дастанчыларды "материалдык эмес руханий байлыктардын шедеври" деп бекеринен тааныган жок. Демек бул өнөргө мамлекет же бир уюм тарабынан кам көрүлбөсө жоголуп кетүү коркунучу бар дегенди билдирет. Бул улуттун уңгусун түзгөн улуттук өнөргө колдоо көрсөтүп турат. Жаштарды элиталык маданиятка үйрөтүп, камкордукка алсак угармандары да арбыйт.
Самуэль Григгс: Самат агай кээде сабак өтүп жатып манас айтат. Мен таң калып отуруп калам
© Фото / предоставлено Самуэлем Григгсом
— Самуэль, устатыңыз педагог, дастанчылыктан тышкары мыкты манасчы. Манасчылыкты үйрөнүүгө далалат кылган жоксузбу?
Самуэль: — Жок, ал деңгээлге жете элекмин. Самат агай кээде сабак өтүп жатып манас айтат. Мен таң калып отуруп калам. Буюрса бул жагын да терең билгим келет. Манас айтып жатканда сөздөрүн кадимкидей түшүнөм.
С.К.: — Самуэлге кыргыз музыкасында, аткаруу учурунда тыным алуу жагы да искусство экенин айтсам түшүнбөй калат. Ошондо манас айтып келип токтосом анан "аа" деп дароо кабыл алат. Демек, сабактан манас айтып, тарых, этнографиядан сүйлөп берем. Коомдук-социалдык маселелерди сүйлөшөбүз. Устат-шакирттин табияты ушундай. Ата-баладай, ага-инидей, тели-теңтуштай, достой ээрчишип жүрүп сабак алышат. Самуэлге ырдап бергенге караганда сүйлөп бергеним кызык. Мен кыргызча эркин сүйлөп отура берем, бул угуп отура берет. Берген суроолору шумдук. Мени жарга такайт. Бир күнү менин "Улуу мурас" деген китебимди көтөрүп келип калыптыр. "Самат агай, сиздин китебиңиздеги "Курманбек" дастанынын Курманбектин Акканга жолуккан жеринде момундай сөздөр жазылып турат. Ал эми улуттук китепканадагы китепте бул сөздөр жок экен. Бул эмнеси?" деди. Баарын сызып, белгилеп алыптыр. Бул анын өз алдынча илимий анализ жүргүзө алгандыгынан кабар берет. Шакиртимдин ушундай деңгээлдеги суроо берип жатканына кубандым. Анан кыргыз оозеки чыгармачылыгында, эпикалык чыгармаларда вариант деген түшүнүк бар экенин айтып, экөө бир эле тема, маани, бирок варианттары ар башка болорун түшүндүрдүм.
— Китепти көп окуйт окшойсуз?
Самуэль: — Ооба, көп окуйм. Азыр кыргызча китептерге, көркөм адабиятка абдан кызыгып жатам. Айткан дастандарымды да түшүнөм. Азыр Олжобай менен Кишимжанды изилдеп, кызыгуум артып жатат. Анткени окуя мага абдан жакты. Мааниси Шекспирдин "Ромео менен Жульеттасына" да окшоп кетет экен. Азыр ошол термени үйрөнүп жатам.