3-мартта айрым жаңы конуштар суусуз калат. Себеби

Сууну өчүрүүгө "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери себеп болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 3-март күнү Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек жаңы конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
"Саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак үйлөрдөн тышкары мектеп, оорукана, бейтапкана, бала бакча сыяктуу социалдык объектилерде дагы суу токтотулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Шаар бийлиги калкты жана уюмдарды таза суу камдап алууну өтүндү .
Сууну өчүрүүгө "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу кампасындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери себеп болууда.
Эскертүү! Бишкектеги Ак-Босого конушунда 1-мартта суу өчүрүлөт