Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 27-февралда республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас өрөөнүндө +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +13...+18, Ысык-Көл облусунда +4...+9, Нарында 0...+5 градуска чейин жылуу болору болжолдонду.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Эскертүү! Бишкектеги Ак-Босого конушунда 1-мартта суу өчүрүлөт