Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Украина Минскиде жолугуп сүйлөшүү идеясын кайра жактырбай жатат

Москва Минскиге Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн россиялык делегацияны жөнөтүүгө даяр экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Украина Россия менен Минскиде сүйлөшүү жүргүзүү идеясын кайра карап жатканын билдирип, андан соң такыр эле байланышпай койду. Бул туурасында РИА Новости РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен жазды.
Жума күнү Песков Москва Минскиге Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн россиялык делегацияны жөнөтүүгө даяр экенин айткан. Ал билдиргендей, делегациянын курамына Коргоо министрлигинин, ТИМдин жана президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирет.

“Бир аз тыным алгандан кийин Минскиде жолугуу идеясын кайра карап чыгарын билдиришти. Эми алар Варшавага барууну каалап жатат. Андан соң такыр эле байланышты үзүп, тынчып калышты. Тыныгуу көпкө созулуп кетти. Тилекке каршы, алар ири шаарларында, анын ичинде Киевде адамдар жашаган кварталдарга залп атуучу системаларды орнотуп улутчулдук элементтерди жасашууда”, — деди Песков журналисттерге.

Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирген.
Кийинчерээк РФ Коргоо министрлиги Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына ракеталык, авиациялык же артиллериялык сокку урбаганын билдирип, жогорку тактыктагы каражаттар менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфраструктурасы, аскердик аэродромдору жана абадан коргонуу объектилери иштен чыгарылганын кабарлаган. Министрлик жөнөкөй жарандарга коркунуч жок экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Россияны Украинадагы атайын операцияны токтотууга чакырды. Чукул жыйын