Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров интернетке ыктыярчы Украинанын аскердик бөлүктөрүнүн бирине туу сайып жаткан видеону жарыялады. Аны кийин өзүнүн YouTube баракчасына Sputnik агенттиги жайгаштырды.
Эске салсак, Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүүдө. Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагында бир дагы жай жаранга коркунуч жаралбаганын, аскердик инфраструктура гана жок кылынып жатканын айтууда.
Жума күнү РФ президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва Минскиге Киев менен сүйлөшүүчү делегацияны жиберүүгө даяр экенин айткан. Кийин Киев сүйлөшүүнү Варшавада өткөрүүгө ыктап жатканы белгиленген болчу. Андан кийин Украина жетекчиси Израиль президентинен ортомчу болуп берүүсүн өтүнгөнү айтылды.
Бүгүн Песков Украина сүйлөшүүдөн баш тартканын, мындан улам атайын операция улана турганын билдирди.