БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишкерлер менен чет элдик инвесторлорго кайрылды.
Анда УКМК мамлекеттик, укук коргоо кызматкерлери же уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан акча талап кылган фактылар болсо маалымдап коюуну суранган.
Ишкерлер бул тууралуу атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнүн (0312) 66-04-75, 62-65-04 номерлерине чала алышат.