Кишинев Sputnik Молдова агенттигинин ишине тыюу салды

Sputnik Молдова сайты 26-февралдан тарта иштебеши керек. Ал эми радиоберүүлөрдү 7-мартка чейин улантса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Расмий Кишинев Sputnik Молдова агенттигинин ишин токтотту.
Sputnik Ближнее зарубежье кабарлагандай, редакцияга бийликтин агенттикти жабууну талап кылган каты 26-февралда түшкөн. Сайт дал ушул күндөн тарта иштебеши керек. Ал эми радиоберүүлөрдү 7-мартка чейин улантса болот.
Sputnik.md сайты учурда иштебей жатат.
Билдирүүгө караганда, сайт Маалымат жана өлкөнүн коопсуздугу кызматынын чечими менен жабылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия БУУнун Украина боюнча резолюциясына бөгөт койду