Садыр Жапаров Владимир Путин менен Украинадагы абал тууралуу сүйлөштү

Өлкө башчылар аймактык коопсуздук маселелер, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлкө башчылар кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Садыр Жапаров Владимир Путин менен эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелер, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканы айтылды.
Ал эми РИА Новости Кремлдин сайтына таянуу менен Жапаров сүйлөшүү учурунда Минск макулдашуусу Украинанын айынан үзгүлтүккө учураганын айтып, Москванын Киевдеги аракеттерин колдой турганын билдиргенин жазды.
Акылбек Жапаров: президент Россия менен 300 жыл бирге болууга даярдыгын айтты