Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия БУУнун Украина боюнча резолюциясына бөгөт койду

Небензя Россия Украинанын эли менен согушпаганын кайталап, жай тургундардын өлүмү боюнча маалыматтарды төгүндөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. РФтин Украинадагы операциясын сындаган БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги резолюциясына Россия бөгөт койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя бул Россия менен Украина элине каршы жазылган документ экенин айткан.
"Эмнеге Украинага каршы? Себеби документ украин элинин түпкү кызыкчылыгын көздөбөйт, ага карама-каршы келет. Долбоор бул өлкөнү кыйын абалга алып келген азыркы бийлик системасын сактап, бекемдеп калууга багытталган. Аны колдобогондорго ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.
Небензя резолюциянын долбоору Батышты айыптабаганын кошумчалаган. Анын айтымында, Украинаны денацификациялоо жана демилитаризациялоо боюнча тапшырмалар жакында аткарылат. Небензя Россия Украинанын эли менен согушпаганын кайталап, жай тургундардын өлүмү боюнча маалыматтарды төгүндөгөн.
Резолюцияда ЛЭР менен ДЭРди таанууга байланыштуу чечимдин баарын жокко чыгаруу сунушталган. Долбоорго ылайык, БУУнун Коопсуздук кеңеши тараптарды Минск келишимин карманып, эл аралык механизмдерге ылайык иштөөгө чакырган.
Буга чейин резолюцияга 11 мүчө-мамлекет добуш берип, үчөө карманып койгону айтылган. Долбоордун демилгечилери — АКШ менен Албания.
Байден Европага АКШнын кошумча күчтөрүн жайгаштырууга буйрук берди