Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ аскерлери Крымга кетчү сууну тосуп турган дамбаны жок кылышты. Видео

Буга чейин Украина Крымды суу менен Днепрден өткөн Түндүк Крым каналы аркылуу камсыздап, муктаждыктын 85 пайызын жапчу. Жарым арал Россияга кошулгандан кийин суу берүүнү бир тараптуу токтоткон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин адистери Крымга суу бербөө үчүн 2014-жылы Херсон облусунда курулган дамбаны жок кылышты. Бул тууралуу республиканын жетекчиси Сергей Аксеновго таянуу менен РИА Новости жазды.
"Биздин аскерлер Түндүк Крым каналын тосуп турган нацисттердин дамбасын жок кылды", — деген ал.
Анын айтымында, Днепр суусун Крымга кайтаруу иштери улантылып жатат.
Бейшемби күнү россиялык аскерлер Херсонго чыккан, мындай жагдай Түндүк Крым каналын тосмодон бошотуп, жарым аралга суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Аксенов бул үчүн насостук станциялар менен гидрокурулуштарды даярдоо керектигин айткан.
Буга чейин Украина Крымды суу менен Днепрден өткөн Түндүк Крым каналы аркылуу камсыздап, муктаждыктын 85 пайызын жапчу. Жарым арал Россияга кошулгандан кийин суу берүүнү бир тараптуу токтоткон.
Маселени сууну жер алдындагы булактардан жана өзү толгон суу сактагычтардан алып чечип келишкен. Айрым райондордо суу убакыт-сааты менен берилип, Симферополь артезиан булактарынан көз каранды болуп калган. Россия өкмөтү суу менен камсыздоонун комплекстүү планын иштеп чыгып, 50 миллиард рубль бөлгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Россияга каршы санкциялары. КМШ өлкөлөрүнө таасири кандай болот