Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО Россияны Украинадагы атайын операцияны токтотууга чакырды. Чукул жыйын

Эскерте кетсек, Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштай турганын 24-февралдын таңында жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. НАТО Россияны тез арада Украинадагы атайын операцияны токтотууга чакырат. Билдирүү тууралуу РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, бүгүн альянстын чукул жыйыны өтөрү кабарланган болчу.
“Биз Россияны тез арада согуштук чабуулду токтотуп, Украинадан аскерлерин алып чыгып кетүүгө чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, альянска мүчө-мамлекеттердин лидерлери Европадагы аскер күчүнүн жайгашуусун Украинадагы операциядан кийин кайра карап чыгарын айтышкан.
Ал арада Германиянын канцлери Олаф Шольц НАТОнун чыгыш флангын бекемдөө зарылдыгын белгилегени айтылды.
Эскерте кетсек, Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштай турганын 24-февралдын таңында жарыялаган. РФ президенти Владимир Путин элине кайрылуу жасап, түзүлгөн жагдай токтоосуз аракеттерди көрүүгө аргасыз кылганын белгилеген. Анын айтымында, кан төгүүнүн жоопкерчилиги Киев режиминин абийиринде болот. Президент украин аскерлерине да кайрылып, куралын таштап үйүнө кайтуу мүмкүнчүлүгүн берген.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россиянын Куралдуу күчтөрү соккуларды Украинанын курал-жарак, ок-дары сакталган кампаларына, аэродромдоруна узатып жатат.
25-февраль күнү кечке маал Украина президенти Владимир Зеленский РФ президентине сүйлөшүүнү сунуштап кайрылган. Путин да Кытай лидери Си Цзиньпин менен телефон аркылуу байланышып жатып жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Коопсуздук кеңешинде билдирүү жасап, Украинага шарттарын айтты