БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Республиканын бардык региондорунда эл каттоо иштерине тартылган координаторлорду окутуу иштери аяктады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Эл каттоо үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлмөкчү.
"Кыргызстандын бардык аймактарында Улуттук статистика комитетинин адистеринин катышуусунда үч күндүк семинар өткөрүлүп, нускамалар жана мобилдик тиркемеде камтылган суроолор тизмеси, документти толтуруунун тартиби толугу менен каралып чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.
Жер-жерлерде ыкчам аракеттерди камсыздоо, каттоого болгон даярдыкка мониторинг жүргүзүү, методологиялык жана техникалык жардам көрсөтүү милдети Статкомдун төрагасынын орун басарларына жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, алгач эл жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын жаз айларына белгиленген. Бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган.
Каттоонун жыйынтыгы мамлекеттин демографиялык жана социалдык саясатында, ошол эле кезекте өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык программаларды, эмгек ресурстарды пайдалануу, жумуш менен камсыздоо жана башка ушул сыяктуу багыттарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү. Башкача айтканда, каттоо коомдун учурдагы абалын, экономикасын, социалдык тармагын чагылдырып берет.