Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кыргызстан Россияга салынган санкциядан улам антикризистик план иштеп чыгууда

Министр Данияр Амангелдиев кечээ казакстандык жана россиялык кесиптештери менен пикир алышып, экономиканы колдоо аракеттери боюнча талкуу болгонун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. ЕАЭБ боюнча өнөктөштөргө салынган санкция жана чектөөлөрдөн улам Кыргызстан антикризистик план иштеп чыга баштады. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Ал кечээ казакстандык жана россиялык кесиптештери менен пикир алышып, экономиканы колдоо аракеттери боюнча талкуу болгонун белгиледи.
"Доллар курсун божомолдоп, Россияга карата дагы кандай санкциялар болорун айтуу кыйын. Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Ал дагы антикризистик планын иштеп чыгууда. Россиянын SWIFT системасынан чыгып калуусу коркунуч жаратып жаткан. Эгер санкция киргизилип калса, Россиянын банктарындагы эсептерди кайра каттоо жолу менен пайдаланса болот. Көйгөй жаралбашы керек. Валюта курстары дүйнөлүк тенденциядан көз каранды болуп жатат", — деди министр.
Ошондой эле өкмөт мүчөсү Украинадагы абалга байланыштуу бул өлкөдөн азык-түлүк ташуу боюнча түшүндүрмө берди.
"Украинадан бизге тооктун эти алып келинет. Бирок бул жылы ички өндүрүүчүлөрдүн эсебинен муктаждык жабылат. Өзүбүздө тоок этин өндүрүүчү үч ири завод бар. Аны менен катар Токмокто дагы бир ишкана курулуп жатат. Демек, биздин экономикага Украинадан товар келбей калышы катуу таасир этпейт", — деди ал.
Эске салсак, Украинадагы абалга байланыштуу айрым Батыш өлкөлөрү Россияга каршы бир топ санкцияларды киргизип койду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия БУУнун Украина боюнча резолюциясына бөгөт койду