Ажал жанында аңдып... Гиеналардын көзүн күйгүзгөн антилопалардын видеосу

Жыйырмага чукул гиена чогулуп келип, аска сымал эбегейсиз чоң таштын боорунда турган үч антилопага таштын алдынан да, үстүнөн да чабуул койгон.
Sputnik
Бул окуяны Түштүк Африкадагы Мала-Мала жаратылыш паркынан туристтердин бири тартып алган.
Видеодон жапыз бөксө тоо сымал өтө эле чоң таштын алдынан жана үстүнөн гиеналардын жан алакетке түшүп, анын боорунда турган үч антилопага жете албай жатканын көрүүгө болот. Бир нече ирет аракет кылгандан кийин жырткычтардын чоңдору олжосуна жете албай калганына моюн сунуп аракетин токтоткон. Ал эми жашыраактары таштын үстү жагынан антилопага тиш салууга далбастап, бирок кулап кеткенден коркуп, кайра артка жылып жатканы кадрга түшүп калган. Ал эми туяктуу жаныбарлар таштын боорунда, туяктары тийген жерде гана кармалып турган.
Үчөөнүн ажал жанында, кол созсо жетчүдөй аралыкта турганын сезип, коркконунан диртилдеп турганы байкалат. Көзүн күйгүзгөн антилопаларга жете албай калганын аңдаган жаштары да шаабайы сууп, артка кайтууга аргасыз болгон. Эң акырында жалгыз калган гиенанын жогору жакты бир карап алып, шүмшүңдөгөн тейде жерди жыттап кетип бара жатканы менен видео аяктаган.
Тема боюнча:
Эчки улагына аскадан түшүүнү үйрөтүп жаткан видео
Дельфиндер флейтанын үнүнө таасирленип, "бийлеп"... Илимий видео
Жолборсту "тилдеген" карга. Канаттуу менен жырткычтын "пикир алышкан" видеосу