Эр-Риядда Кыргызстандын айыл чарба жана маданий көргөзмөсү ачылды. Сүрөт

Мындай иш-чараларды Сауд Аравияда ар жылы өткөрүп туруу пландалып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын туристтик операторлорунун, агробизнесинин, кол өнөрчүлөрүнүн жана маданий ишмерлеринин көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 5

Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын туристтик операторлорунун, агробизнесинин, кол өнөрчүлөрүнүн жана маданий ишмерлеринин көргөзмө-жарманкеси ачылды.

2 / 5

Жарманке Digital City көргөзмө борборунда уюштурулган.

3 / 5

Иш-чаранын алкагында Жаманкулов Сауд Аравиянын экология, суу ресурстары жана айыл чарба министрин көргөзмө-жарманке менен тааныштырып, Кыргызстандын туризм, маданият, айыл чарба жана бизнес тармагындагы потенциалын айтып берген.

4 / 5

Ошондой эле аны ишкер, инвесторлор менен өлкөгө келип кетүүгө чакырган.

5 / 5

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мындай иш-чараларды Сауд Аравияда жыл сайын өткөрүп туруу боюнча да кеп болгон.

Билдирмеге караганда, жарманке Digital City көргөзмө борборунда уюштурулган.
"Анын ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Сауд Аравиянын экология, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли, Кыргызстандын инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов катышты", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында Жаманкулов Сауд Аравиянын экология, суу ресурстары жана айыл чарба министрин көргөзмө-жарманке менен тааныштырып, Кыргызстандын туризм, маданият, айыл чарба жана бизнес тармагындагы потенциалын айтып берген. Ошондой эле аны ишкер, инвесторлор менен өлкөгө келип кетүүгө чакырган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мындай иш-чараларды Сауд Аравияда жыл сайын өткөрүп туруу боюнча да кеп болгон.
Россиянын Мамдума имаратында Кыргызстанга арналган көргөзмө ачылды. Сүрөт